Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 22:31
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Элдин пикири эске алынаарын кыргыз бийлиги көрсөтүүдө

19.02.2021 09:59
692
Элдин пикири эске алынаарын кыргыз бийлиги көрсөтүүдө

Кечээ 18-февралда мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан кайрадан кармалганы тууралуу маалымат коомчулукка желдей тарады. Айрым маалымат каражаттарынын жазганына караганда ал кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.


Бул күтүүсүз кармоо Р. Матраимовдун өзү үчүн гана эмес, коомчулук үчүн да күтүүсүз болду. Себеби, кече жакында эле Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны коррупция менен беренеси менен айыптуу деп таап, бирок болгону 260 миң сом айып пул чегерүү чечимин кабыл алган эле. Мындан улам коомчулукта түрдүү нааразычылыктар жаралган. Алтургай борбор калаада атайын нааразычылык акциясы жөө жүрүш менен коштолгон. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө да «Бул бийлик да Райым миллионду коргой баштады» деген маанайдагы пикирлер арбып кеткен.


Андыктан Райымбек Матраимовдун кайрадан камакка алынганы туура кадам болду. Болбосо элдин нааразычылыгы күн санап күчөй бермек. Тутанган учкунга көңүл бурбай коюнун арты эмне болорун кечеги тарых көрсөтпөдүбү.


Эми эң башкысы, бул жолу да Матраимов азыраак акчага айып пулга жыгылуу менен кутулуп кетпеши керек. Анын Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион долларга кандайча тиешеси бар экени, же жок экени тыкыр иликтенип, элге түшүнүктүү маалымат берилиши керек. Андан сырткары анын кече жакында соттун чечими менен камактан чыгарылган мүлктөрү жана банк эсептериндеги акчалары кандай жол менен табылганы да иликтенүүгө тийиш. Мамлекеттик кызматта өмүр бою иштеп келген адамдын мынчалык көп мүлктөргө ээлик кылып калуусу албетте шек жаратат. Анын үстүнө бажы тармагындагы коррупция кандай деңгээлге чейин өсүп-өнүгүп келгенин ар бир кыргызстандык билет. «Мен бул мүлктөргө өз эмгегим, маңдай терим менен ээлик кылгам» деген бажы тармагында иштеп жүрүп байыгандарга эч ким ишенбейт. Себеби, алар ошол бажы постторунан өткөн ишкерлердин чөнтөгүнөн чыккан акчалар менен байыгандары чындык. Ал акча каражаттары мамлекеттин бюджетине түшүшү керек эле.


Демек, эми Р. Матраимовдун экинчи ирет соттун чечими менен жеңил-желпи жаза алып, бошоп кетишине жол берилбөө маанилүү. Анда эле элдин нааразычылыгы эки эсе күчөйт. Элдин нааразычылыгы менен ойнобоо керек. Андан көрө коррупционерлерди камагандан кийин, аягына чейин катаал жазалоо шарт.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Ел нааразы болбосо койо беришет еле.