Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 19:09
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Электр энергияны 50 пайызга чейин кантип үнөмдөсө болот? 9 кеңеш

28.04.2021 12:05
1416
Электр энергияны 50 пайызга чейин кантип үнөмдөсө болот? 9 кеңеш

Электро энергияны бир айда 50%га чейин кантип үнөмдөсө болот? Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр жарыгына болгон тарифтерди жогорулатуу сунуштарын берип жатат. Буга байланыштуу "Юнисон Групп" уюмунун эксперттери Жаныбек Кулумбетов жана Салават Соронбаев электр энергиясын үнөмдөөнүн эң жөнөкөй, бирок таасирдүү кеңештери менен бөлүшүштү.

Анда, электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануунун 9 ыкмасы сунушталат:

1. Светодиоддук лампаларды колдонуу. Үйдөгү электр жарыгы үчүн колдонулган бардык лампаларды ичине сым же көмүр жип коюлган электр лампочкасына (лaмпы нaкaливaния) алмаштыруу керек. Эгерде 100 сатта 60 Вт электр энергиясы сарпталса, алмашкандан кийин 8 Вт электр энергияга азайып, 86%га чейин үнөмдөлөт. Мындай экономия эң натыйжалуу ыкма экени талашсыз.  

2. Үйдөн чыгып жатканда светти өчүрүңүз. Ээн турган бөлмөдө жарыкты күйгүзбөңүз жана кетип баратып өчүрө чыгыңыз. Же болбосо автоматтык түрдө өзү өчүп калуучу датчикти орнотуп алыңыз.

3. Турмуш тиричиликке колдонулуучу электр приборлорун сууруп туруңуз. Тиричилик техникалары колдонуудан кийин өчүрүлүп, бирок электр байланыштан суурулбай турган учурда баары бир токту керектөөнү уланта берет. Ошондуктан нoyтбyк, телевизор, компьютер, пpинтep жана башка электр каражаттарын күтүү режимине калтырбаңыз.

4. Тиричилик техникаларын ала турган болсоңуз "А" же андан өйдө класстагы энергия керектөөчү буюмдарды алыңыз. Анткени алар эң аз сарптайт. G классындагылар бир аз таасирдүүрөк. Андан тышкары бүгүнкү күндө А + жана А++ классындагы техникалар бар.

5. Жылуу жарык берүүчүнү орнотуңуз. Батареяга фольга же пенофоладан турган жылуу жарык берүүчү экрандарды орнотуңуз. Бул учурда бөлмө ичи 1-2 градуска жылып, суук болгон маалда электр энергияны колдонууну үнөмдөйт.

6. Жашаган жериңизди жылуулаңыз. Үйүңүздүн терезелерин жылуулап, тешиктерди бүтөңүз. Эскирип калган терезе пакеттерин алмаштырып, колдон келсе нурдан жылуулук алуучу айнектерди салыңыз. Терезеден жылуулуктун 20%ы жоголо турганы белгилүү. Кышкысын калың пардаларды тартып, ошондой эле каалгаларды, балкон жана полду жылуулаш керек.

7. Күн нурунан жылуулук алуучу панель орнотуңуз. Бул күн нуру аркылуу энергия алып, электр тогун иштеп чыгуучу прибор, андан аккумулятор аркылуу күндүз жана түнкүсүн колдонсо болот.

8. Күн коллекторун орнотуп алыңыз. Нурдан энергия алынып, ток иштетилет, андан өткөрүүчү бак (аккумулятор) аркылуу ашкана жана ваннага ысык суу чыгарып, күнү-түнү акысыз колдонууга жол ачылат. Анын чоңун орнотсоңуз үйдү жылытуучу үчүн да колдоно аласыз.

9. "Акылдуу" технологияларды жана энергиянын жаңыланып туруучу булактарын колдонуңуз. Бул ыкма учурда долбоорлонуп жатат. Кыргызстанда бул максаттар үчүн туризм тармагында уникалдуу проект ишке кирип жатат. Анда туризм, курулуш тармагы эле камсыз болбостон, мекемелерди модернизациялоого да шарт түзүлөт.

 

Бул чараларды сактоо менен Сиз Кыргызстанда “жашыл” экономиканын принциптерин алдыга жылдырууга, өз каражатыңызды үнөмдөөгө жана өлкөнүн энергосекторуна келип жаткан оорчулукту кыскартууга салым кошкон болосуз.

vb.kg сайтынан кыргызчаланды

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн