Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 08:09
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Электр энергиясы, мектеп, салык... Россия менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында бир катар келишимдер түзүлдү

30.03.2023 09:14
502
Электр энергиясы, мектеп, салык... Россия менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында бир катар келишимдер түзүлдү

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгында өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Отурумунун жыйынтыгында төмөндөгү документтерге кол коюлду:

- Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйынынын протоколу;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде билим берүүчү биргелешкен билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана эксплуатациялоо шарттары жөнүндө макулдашуу;

- 2015-жылдын 31-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык бирликке кошулуунун алкагында Кыргыз Республикасына техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын ишке ашырып жаткан салыктык администрациясын колдоо үчүн Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына акысыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мамлекеттик финансыны башкаруу тармагында илимий-методикалык колдоо жана техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы менен Мамлекеттик каттоо, кадастр жана картография боюнча федералдык кызматынын (Росреестр) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

- “Бишкек Солар” жоопкерчилиги чектелген коому, “Юнигрин Энерджи” компаниялар тобу жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун ортосунда электр энергиясын жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү келишим.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн