31-майда "Түндүк электр" ишканасы Бишкекте электр энергиясына карызы бар 6,1 миң абоненттин жарыгын өчүрүүнү баштайт. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.
Ишкана абоненттерди электр кубатынын акысын төлөөгө чакырууда. Азыркы тапта жалпы карыз 62 миллион сомду түзөт.
Өчүрүүлөр "акылдуу эсептегичтердин" жардамы менен аралыктан жүргүзүлөт.
Тейлөөнү ыңгайлаштыруу үчүн ишкананын расмий сайтында "Баланс абонента" деген бөлүмү ачылган. Ал жерде ар бир кардар өзүнүн эсеп-кысабын текшере алат. Ошондой эле балансты "Түндүк электрдин" түнү-күнү иштөөчү колл-борборунун 1209 түз байланыш телефонуна чалып тактаса да болот. Мындан сырткары, кардар (0551) 00-12-09 WhatsApp-номерине билдирүү жазып, жооп ала алат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн