Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

«Электр станциялары» ишканасы депутаттын Токтогул ГЭСинин ичиндеги майнинг-фермалар тууралуу сөзүнө комментарий берди

14.06.2023 16:19
464
«Электр станциялары» ишканасы депутаттын Токтогул ГЭСинин ичиндеги майнинг-фермалар тууралуу сөзүнө комментарий берди


«Электр станциялары» ААКсы депутаттын Токтогул ГЭСинин ичинде майнинг-фермалар бар деген сөзүнө комментарий берди.


Компаниянын маалыматы боюнча, Токтогул ГЭСинин бардык генераторлорунда жана өндүрүлгөн жана керектелген электр энергиясына мониторинг жүргүзүү жана эсепке алуу боюнча көмөкчү схемаларда АСКУЭ системасынын электр эсептегичтери орнотулуп, бардык маалыматтар «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ААКга жөнөтүлөт.


«Ошондой эле Токтогул ГЭСи «А» категориясындагы стратегиялык объект болуп саналат жана үчүнчү жактын керектөөчүлөрүнүн, анын ичинде майнинг-фермалардын жашыруун уруксатсыз кошулуу мүмкүнчүлүгү жок, ченемдик-техникалык документтерге ылайык, үчүнчү жактарды кошууга тыюу салынган», - деп түшүндүрдү компания.


«Электр станциялары» ААКсы тышкы керектөөчүлөрдүн жоктугун текшерүү боюнча кызыкдар тараптардын ачык жана айкын биргелешкен иштерине даяр экендигине ишендирди.


Еске салсак, депутат Максатбек Сарбагышев Токтогул ГЭСинин ичинде майнинг-фермалар бар экендиги тууралуу такталбаган маалыматтар бар деген. Ал бул тууралуу 13-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн