Бугу 03, 2024
Убакыт: 02:23
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

«Электр станцияларында» башкы директордун орун басары алмашты

16.08.2023 17:06
273
«Электр станцияларында» башкы директордун орун басары алмашты


«Электр станциялары» ААКсынын башкы директорунун орун басары алмашты. Мындай чечим компаниянын директорлор кеңеши тарабынан 2023-жылдын 15 -16-августунда кабыл алынганын Кыргыз фондулук биржасы билдирди.


2021-жылдын 14-декабрынан бери «Электр станциялары» ААКнын башкы директорунун орун басары жана башкы дирекциясынын мүчөсү болуп иштеп келген Садыракунов Салават Садыровичтин ыйгарым укуктары токтотулду.


Анын ордуна директорлор кеңеши тарабынан Чыңгыз Жеңишбекович Мурзакматов дайындалды.


Мурзакматов Чыңгыз Жеңишбекович Садыракуновго чейин 2021-жылдын 26-февралынан 14-декабрына чейин башкы директордун орун басары болуп иштеген. Ага чейин 2018-2021-жылдары «Электр станциялары» ААКнын сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн