Бугу 22, 2024
Убакыт: 08:29
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

“Электрондук башкаруу” мыйзамын өзгөртүү 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

20.05.2020 13:07
859
“Электрондук башкаруу” мыйзамын өзгөртүү 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү


Бүгүн, 20-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Электрондук башкаруу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда талкууланып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Киргизилип жаткан редакциялык түзөтүүлөр аркылуу “Электрондук башкаруу жөнүндөгү” мыйзамды өлкөдө жүргүзүлгөн соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган кодекстерге ылайык келтирүү максатталганын айткан депутат Данияр Аттокуров, биринчи окууда айтылган сунуш-пикирлер эске алынганын кошумчалады.


Белгилүү болгондой учурда колдонулуп жаткан мыйзамда согушту пропагандалоого, улуттук, расалык же диний жек көрүүнү жана кастыкты тутантууга багытталган маалыматты, ошондой эле тараткандык үчүн жазыктык же административдик жоопкерчилик каралган башка маалыматты таратууга тыюу салынат деп берилген, мында “жазыктык же административдик жоопкерчилик” деген сѳздѳрдү “Жазык кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине жана Бузуулар жѳнүндѳ кодексине ылайык жоопкерчилик” деген сѳздѳр менен алмаштыруу сунушталууда.


Андан тышкары талкуу маалында депутаттар жеке маалыматтардын корголушуна байланышкан бир катар суроолорду беришти. Депутат Марлен Маматалиев бул жаатта атайын агенттик түзүү маселеси кандай чечилип жатканына кызыкты.


Өз кезегинде маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев жарандардын жеке маалыматын коргоого багытталган агенттикти өкмөттүн алдында түзүүнү сунуштаганын айтты. “Бирок сүйлөшүүлөрдүн кийин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдында түзүү чечими кабыл алынды. Буга байланыштуу азыркы тапта тиешелүү жумуштар жасалууда”, - деди Догоев.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн