Бугу 09, 2024
Убакыт: 21:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Электрондук эсеп-фактураны колдонууга 2 миңден ашык компания катышууда

13.03.2020 17:54
699
Электрондук эсеп-фактураны колдонууга 2 миңден ашык компания катышууда


Мамлекеттик салык кызматынын электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбооруна бир айдын ичинде 1527 компания кошулуп, азыркы учурда алардын саны 2154тү түздү, деп билдирди аталган кызматтын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, салык кызматкерлери жана компаниялардын өкүлдөрү ар жумалык негизде "Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык системасын тестирлөөдөн өткөрүп турушат. IT-адистер сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен ар бир жолугушууга электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын иштеп чыгып жатышат.


Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-июлунан тарта электрондук документ түрүндө электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоору иштеп жатат.


Салык кызматы билдиргендей, 2020-жылдын 1-апрелинен тартып КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонууга өтүшөт. Ушуга байланыштуу, аталган кызмат электрондук эсеп-фактураны колдонууга алдын ала даярдык көрүүгө чакырды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн