Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:47
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Электросамокаттарды айдоо эрежесин киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

25.09.2023 08:56
346
Электросамокаттарды айдоо эрежесин киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду


Электросамокаттарды айдоо эрежесин киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.


Ал документти депутат Марлен Маматалиев иштеп чыккан. Демилгенин максаты — электросамокаттар, самокаттар, гироскутерлер жана башка ушул сыяктуу түзүлмөлөрдү эксплуатациялоо менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу.


Долбоордун маалыматтык негиздемесинде болжол менен Бишкек шаарында 30 миңдей самокат бар экени, саны күн сайын өсүп жатканы жазылган.


Электросамокат айдагандар үчүн сунушталган эреже:

- атайын бөлүнгөн тилке/сызык боюнча, ал жок болгон учурда бараткан багыты боюнча жолдун оң чети менен жүрө алат;

- караңгыда жолдон өтүүдө жана жүрүүдө же көрүүгө мүмкүн болбой калуучу башка шарттарда байкалбай калуу тобокелдигин азайтуу жана жол кырсыгын алдын алуу үчүн аларды жарык чагылдыруучу предметтер менен жабдууга милдеттендирүү;

- ижарага берип иштегендер ижарачыларга жол эрежелерин сактоо боюнча инструктаж өтүүгө, самокатын талаптагыдай техникалык абалда сактоого милдеттүү;

- эгер самокаттын техникалык абалынын начардыгы жол кырсыгына себеп болсо, анда жоопкерчилик ижарага берген тарапка жүктөлөт.


Электросамокаттарды ижарага берүү пунктулары жергиликтүү бийликтин уруксаты менен атайын бөлүнгөн жерлерде ачылат. Ошондой эле бийлик учурдагы жолдордон жаңы жолдорду курууда жана оңдоодо электросамокаттар үчүн атайын тилке бөлүп берүүгө милдеттендирилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн