Бугу 14, 2024
Убакыт: 09:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Елена Калашникова өзүнө карата кылмыш иши козголгонун Жогорку Кеңеште билгенин айтты

04.05.2023 14:43
348
Елена Калашникова өзүнө карата кылмыш иши козголгонун Жогорку Кеңеште билгенин айтты

 "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомунун директору Елена Калашниковага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева билдирди.


Анын айтымында, кылмыш Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан  “коррупция” беренеси менен  козголгон.


Ал эми Елена Калашникова жасалган иштер тууралуу маалымат берүү алдында өзүнө карата кылмыш иши козголгонун Жогорку Кеңеште билгенин айтты.

"Биздин кеңседе 29-апрель күнү тинтүү болгон. Ошол эле күнү мен үйдө жок кезимде үйүмдө да тинтүү жүргүзүлгөн.


Ал эми кылмыш иши боюнча азыр уктум",- деди Калашникова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн