Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 14:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Элге жакпаган кадрлар жаңы бийликтин өкүтү болуп калбайбы?

09.02.2021 09:49
558
Элге жакпаган кадрлар жаңы бийликтин өкүтү болуп калбайбы?

Мындан туура 86 жыл илгери Иосиф Сталиндин «Кадрлар баарын чечет» деп айткан сөзү бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек. Себеби бийлик башында турган бир адам жалгыз өзү эч нерсе жасай албайт. Анын ар кандай маанилүү кызматтарга ишенип дайындаган кадрлары иштин илгерилешин, же тескерисинче кетенчиктешин камсыздап берет.


Өткөн жылдын октябрь төңкөрүшүнөн улам келген жаңы бийликтин да бүгүнкү күндө жүргүзүп жаткан кадрдык саясаты эмитеден эле нааразычылыктарды жарата баштагансыды. 28-январда Садыр Жапаров эл алдында ант берип, президенттик кызматына расмий киришкенден кийин көп өтпөй эле жаңы өкмөт куралды. Ал өкмөттүн башына мурда Эсеп палатасын жетектеп келген Улукбек Марипов келди. Ошол эле күнү анын премьер-министрлик кызматка келишине каршы нааразычылык акциясы өттү. Эл ичинде президенттикке ат салышкан талапкерлер Аймен Касенов, Бабур Төлбаев сыяктуу экономиканы мыкты түшүнгөн, өздөрүнүн жакшы программалары бар кадрлар эмнеге келбейт деген суроо жаралды. Анын үстүнө Улукбек Мариповдун Атамбаевдин заманынан бери карай эле жогорку мамлекеттик кызматтарда келе жатканы да айтылды. «Башын өйдө көтөрүп сүйлөй албаган адам кантип премьер-министр болот?» деген да сындар айтылды.


Ушул өкмөттүн курамындагы Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевдин талапкерлигине да нааразы депутаттар болду. Эске сала кетсек, бул кадр 2014-жылы да Энергетика министрлигине талапкер болгондо, анын Каракол шаардык соту тарабынан энергетика тармагындагы чоң кемчиликтер үчүн айыптуу деп табылганын айтышкан. Анын мамлекетке келтирген зыяны 30 миллион сомдон ашуун болгон. Бул жолу да депутаттар анын ушул кылмыш ишин эске салышты. Бирок, баары бир ал министрлик кызматка бекиди.


Ал эми 8-февралдын кечинде Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев башка мамлекеттик кызматка которулганы белгилүү болду. Анын ордуна Эрмек Нургазиев мэрдик кызматты аркалашы мүмкүн экендигин айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Буга байланыштуу социалдык тармактарда анын «чоң муштум» экенин эске салгандар көбөйдү. Ал кайсы бир көп кабаттуу турак-жайдын жашоочуларынын чогулушунда бир адвокат айымды бет талаштыра муштап жибергени тартылып алынган тасма убагында кызуу талкуу жараткан. Эми ал тасма кайрадан талкууда. Эрмек Нургазиев өткөн жылы 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын атынан талапкер болгон.


Албетте, Садыр Жапаров бардык кадрларды жеке өзү билип алып келип жаткан жок. Анын айланасындагылардын сунуштары болуп жатканын жакшы түшүнөбүз. Бирок, кандай гана сунуштар айтылбасын, адегенде алардын таржымалын жакшылап жеке өзү анализдеп алганы оң. Себеби, эл азыр бир гана президенттен көптү үмүт кылып турушат. Эл мамлекеттик кызматтарга популист жана «чоң муштум» эмес, жеке кызыкчылыктарын көздөбөгөн билимдүү жана маданияттуу, иш билги кадрлардын келишин күтүүдө. Андыктан кадрлардын дайындалышына байланыштуу нааразычылыктарга көңүл бурбай койгону туура эмес. Майда нааразычылыктар чогулуп келгенде эмне болорун баарыбыз билебиз. Мурдагы бийликтердин да кемчилиги майда нааразычылыктарга кош көңүл мамиле жасаганында болгон. Андыктан өткөн чактан сабак алууну унутпаш керек.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн