Бугу 16, 2024
Убакыт: 20:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Фейсбуктан жалган маалымат таратып, өлүмдөн саясат издеген популисттерди айттым, - Мирлан Самыйкожо

23.04.2020 15:16
2433
Фейсбуктан жалган маалымат таратып, өлүмдөн саясат издеген популисттерди айттым, - Мирлан Самыйкожо


Кыргыз Республикасынын эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы, актер Иманалиев Элмирбек Калиловичтин 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы бүт элди кайгыга салып, орду толгус өкүнүч жаратты. Учурда анын күтүүсүз өлүмүнөн саясат чыгарып, ар түрдүү маалымат тараткандар чыкты. Айрымдары ооруканалар кабыл албай койгон жана дарыгерлер карабай койгон десе, кээ бири ичтеги күйүт, таарыныч оорусун козгоп кетти деген кептерди айтышты. Мына ушул окуялар боюнча чыныгы жагдай кандай болгондугун тастыктоо максатында Жазуучулар союзунун мүчөсү жана “Айтыш” коомдук фондунун мүчөсү, акын, журналист, маркумдун жакын санаалаштарынын бири Мирлан Самыйкожо менен “Медиа центр” агенттиги маек уюштурду.      


 - Сиз Фейсбуктагы баракчаңыз аркылуу пост жазып, анда төкмө акындын өлүмүнөн саясат издеген популисттер пайда болгонун айттыңыз, сөз ким жөнүндө болуп жатат?


- Баса белгилеп айтып кетким келет, бул пост учурда жалган маалымат менен элдин оюн бурбагыла деген максатта жазылган. Учурда кимдер популист болуп жатканын, ошол жазган посттор аркылуу эле билип жатышат. Биз азыр улуу маданияттын руханий алтын казынасынан айрылдык. Ушунун артынан саясат кылып, популисттене калып, анттик эле, минттик эле деген сөздөрдү айтканы бул уят. Өз көзү менен көрбөгөндөн кийин, өзү аралашып жүрбөгөндөн кийин ар кандай сөздү айтуу акылга сыйбай турган иш. Бул жерде мен эле жалгыз жүргөн жокмун. Жубайы кичинекей баласы менен жүрдү, бир тууган эжеси, достору жүрдү. Чындыкты бурмалабай, болгонун болгондой айтса жакшы болмок.


- Элмирбек аганы ооруканага алып баруудагы жагдай кандай болду эле, эмне болгон, кечигип барып калган деген маалыматтардын чын бышыгын айтсаңыз?


- Адегенде үйүндөгүлөр 103 номери аркылуу тез жардам кызматын чакырышыптыр. Ал Бишкек шаардык №1 ооруканасынын (Фучик) тез жардам унаасы болгондуктан, аталган ооруканага алынып келген. Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын алдындагы клиникалык ооруканага (Спец больница) андан кийин алынып барылган. “Спец больница албай, Фучикке жөнөтүптүр" деген карандай калпты кайдан, кантип ойлоп тапты билбейм.



- Айрымдар дарыгерлерге күнөө коюп, убагында кабыл албай коюшканын айтып чыгышты. Мунун канчалык чындыгы бар?


- Дарыгерлерди күнөөлөө менимче туура эмес. Себеби Элмирбек ага мезгил-мезгили менен ооруканага жатып турчу, жакшынакай эле карашчу. Аларга Элмир байке деле ыраазы болчу. Аны ооруканада жаткан жеринен журналист Абдыбек Казиев менен болгон маегинен көрсө болот. Ал жерде дарыгерлер жакшы карап жатканын айтат. Кудайдын жазганынан ким баш тарта алат. Башкадан көбүртүп-жабыртып айтса да макул болосуң, жамандыктан саясат издегендери жаман эле болуп жатат. Саясаттын кишиси же мамлекеттик саясатта аралашып жүргөн бирөө өлсө да бир жөн эле, маданияттын кишисин жоготуп жатабыз, түбөлүк улуу мурастан айрылып атсак, ошого жамынып саясат издегени туура болбой жатат.

 

- Тил майрамына Элмирбекти киргизбей коюптур, деген сөздөр чыгып жатканын айттыңыз, былтыркы окуяны ушул маалда айтып жатышабы? Балким ошол кезде Элмирбек байке жеке таарынычын, өкүнүчтөрүн айткандыр?


- Элмирбек Иманалиев ушул убакка чейин жеке таарынычын айтканын бир жерлерден окудук беле? Ал киши чалкып жаткан океан болчу да. Эч кимге жаман айткан эмес, жамандаган да эмес, төмөн деңгээлге барган эмес. Элмир байке эмнени айтып, эмнени ырдаса, ошол архивдин баары кечээтен бери берилип жатат. Тил майрамына Элмирбек байкенин кымындай да тиешеси жок. Аты да аталган эмес. "Тил мыйзамынын 30 жылдыгына" арналган иш-чарага даярдык көрүлүп жатканда эки акын ырдай турган болуп Азамат Болгонбаев менен Асылбек Маратовду репетицияга чакырып ырдатышып, бирок жыйынтыгында убакыттын узарып жатканына байланыштуу ген прогондо бир акынды кыскарта турган болушуп, айтыштын салты менен улуусун калтырып, кичүү акын Асылбек кыскарып калган. Болгону эле, ошол бир акындын кыскартылганын концерттин сценарийин жазган министрдин орун басары Кайрат Иманалиев кечинде Асылбекке айта албай калып, эртеси эртең менен иш-чарага Асылбек келип кире албай калган.


- Чынын айтканда Элмирбек аганын көңүлү назик гүлдөй инсан эле, балким өлкөнүн ар кандай оош-кыйыш тагдыры да ойлондуруп жүргөндүр. Кыргыз саясатына ичи ачышып калган учуру болчу беле?


- Албетте, өлкөсү, мамлекети анын келечеги үчүн көп түйшөлгөн адам болчу. Ырларында деле айтылат, заман тууралуу ырдаган ырлары бар. Ал инсан биз үчүн бийик бойдон кала берет, артындагы ушактар убактылуу нерсе, билип-билбей айтып алгандар, жазып жаткандар туура эмес кылып жатканына өкүнө турган учур келет.  



- Элмирбек Иманалиевдин улуу талантынан, акындык өнөрүнөн башка кайсы сапаттарын жогору баалайсыз?


- Бул кишинин акындыгынан да асылдыгы жогору, асылдыгынан акындыгы жогору болуп, экөө тең бириккен улуу, терең инсан эле да. Адамкерчилик деген сапат ушул Элмирбек байкеде болчу. Ал турмушту көзү менен көрчү эмес, көкүрөгү менен көрчү, кулагы менен укчу эмес, сезими менен укчу, оозу менен сүйлөчү эмес, жүрөгү менен сүйлөп, ырдачу.  


- Мындай талант жүз жылда бир жаралат деп коюшат эмеспи. Эрте кеткенине бүт эл өкүндү. Эми ушул адамдын дал өзүндөй болуп ордун баса турчу биздин кыргыз төкмө акындарынын арасынан чыкчулар барбы?


- Жок дегенге болбойт, аккан арыктан суу агат. Саякбай, Сагынбай чыкпайт деген элден бүгүн Ырысбай, Дөөлөттөй манасчылар чыгып жатат. Жеңижок, Коргол, Токтогул чыкпайт деген элде Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиевдер чыккан. Ошолордон кийин төкмө акын чыкпайт дегенде Элмирбек, Азамат, Аалы, Жеңишбек, Амантай акындарыбыз чыгып жатат. Демек Элмирбектин ордун баса тургандар да чыгат. Элмирбек аганын чоң руханий казаны жабылды. Бирок ал өлгөн жок, анын экинчи өмүрү түбөлүккө кылымдап жашайт.


- Ал эми өз балдарынан Элмирбек агадай деңгээлге жеткен өнөр адамы чыкчусу байкалабы?


- Азыр алар кичинекей, үмүттөнөлү...


- Буюрса, абал тынчып калса, мамлекеттик деңгээлде Элмирбек Иманалиевди жоктоо, эскерүү иш-чарасы өтүшү керекпи?


- Сөзсүз өтүшү керек. Бул боюнча Республикалык “Айтыш” коомдук фонду дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Учурдагы кырдаалдан аман-эсен чыгып кетсек, улуу инсанды масштабдуу деңгээлде эскерүүнү уюштурсак деп жатабыз. Кийин бара-бара китептери чыкса, айтыштары өзүнчө басылып чыкса, бул киши тууралуу изилдөөлөр чыкса, деп ойлойм. Бул инсанга кандай сый ыйгарылып же кандай сый көрсөтүлө турган болсо ошонун барына татыктуу.

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жылдызбек Мурзабеков
Эн туура Мирлан иним, эми силердей таланттар коп жашасын Элмирбек, Зайырбекти жоготтук, алардын жаткан жери жайлуу болсун, аллах бейишинен орун берсин. Бул таланттар кийинки муундарга жана тарыхта алтын тамга менен жазылып калыш керек.