Эгерде биздин коомубуз, элибиз билимдүү болбосо, эч кандай бакубат келечекти кура албайбыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кезектеги III Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Анын айтымында, биз билимдүү коом, билимдүү эл, билимдүү өлкөнү курабыз.
“Эгерде биздин коомубуз билимдүү болбосо, элибиз билимдүү болбосо эч кандай бакубат келечекти кура албайбыз. Буга дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү ачык мисал көрсөтүүдө. Алар эч кандай жаратылыш ресурстары жок туруп, адам ресурсун, илим, технология менен дүйнөнү багындырып келе жатышат. Андыктан биз билим берүү багытына өтө чоң көңүл бөлүшүбүз керек. Мугалимдердин макамын көтөрүү зарыл”,- деди Нурланбек Шакиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн