Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

«Элиза үй буюмдарынын» негиздөөчүсү күнөөсүз камакта кармалып турат, - тарапташы

03.08.2021 19:34
917
«Элиза үй буюмдарынын» негиздөөчүсү күнөөсүз камакта кармалып турат, - тарапташы


27-июлда «Элиза үй буюмдар» оюнунун негиздөөчүсү 1997-ж.т Б кызы Э жана анын жолдошу 1994-ж.т М уулу Ө Свердлов РИИБи тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалган. 


Кийинчерээк Б. кызы Э.нин адвокаты Осунбек Жамансариев билдиргендей, арыз жазган адам менен шектүүнүн ортосунда беттештирүү процесси болуп өткөн. Анда алдамчылык фактысы аныкталбагандыктан сот шектүүгө койгон айыпты 214-беренеге (каржы пирамидасын уюштуруу) өзгөрткөн. 


Ал эми Свердлов райондук соту Б кызы Э менен М уулу Ө.гө 15 күнгө санкция берип, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалууда.


Буга нааразы болгон Б кызы Энин тарапташтары 5 күндөн бери нааразычылык акциясын уюштуруп жатышат.


Тарапташтардын айтымында, шектүү делинген айым кош бойлуу жана үйүндө 1 жарым жаштагы баласы бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн