Улуу Британияда королева Елизавета II өзүнүн 94-расмий туулган күнү белгиледи. Быйыл коронавируска байланыштуу туулган күнгө арналган иш-чаралар жупуну – Лондондун борборундагы салттуу парадсыз жана массалык сейилдөөлөрсүз өттү деп маалымдады Daily Mail басылмасы.
Королева өзүнун туулган күнүн бир жылда эки ирет белгилейт. Биринчиси өзү жарык дүйнөгө келген 21-апрелде үй-бүлөсү менен майрамдалат. Экинчиси расмий түрдө королдук үй-бүлөнүн кареталык жүрүшү жана Королдук Аскер-Аба күчтөрүнүн Букингем сарайынын үстүндөгү аба парады сыяктуу иш-чаралар менен белгиленет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн