Кыргыз Республикасынын эл артисти, маркум Элмирбек Иманалиев жана Гүлбү Ороскул кызынын экинчи кызы Сезим Иманалиева турмушка чыкты.
Маалым болгондой, 23 жаштагы Сезим Иманалиева өзүнүн курсташы - Ош облусунун Өзгөн районунда туулган Бексултан Таиров аттуу жигитке турмушка чыкты. Кыз узатуу тоюу 8-августта Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде жакын адамдардын катышуусунда өткөн.
Ал эми эки жаш белгилүү ырчы жана композитор Сыймык Бейшекеевди өкүл ата коюшкан.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эл артисти Элмирбек Иманалиев ушул жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарындагы бейтапканалардын биринде каза болгон. Ырчы Гүлбү Ороскул кызы 2017-жылдын 6-октябрда көз жумган. Алардын Айзуура жана Сезим аттуу 2 кызы бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн