Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы элге кайрылды

21.04.2020 22:44
8518
Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы элге кайрылды


20-апрель күнү кечинде каза болгон Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы Мирзат Муканов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу элге кайрылды. Ал акынды акыркы сапарга узатуу иш-чарасы мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз ободо чагылдырып турарын айтып, кыргызстандыктарды үйдө болууга чакырды.


“Эртең саат 9-30да митинг, 10-30да көрүстөнгө бет алабыз. Мунун бардыгы КТРК, Ала-Тоо-24, ЭЛТР телеканалдарында, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Фейсбук менен Инстаграм барактарында чагылдырылат. Атабызды урматтап, кайгыбызды тең бөлүшкөнүңүздөр үчүн ыраазыбыз. Жай учур болсо, башкача болмок эле... Бүгүнкү кырдаал бардыгыбызга маалым. Андыктан, үйүңүздөрдө эле болушуңуздарды өтүнөбүз. Бизге мүмкүн болушунча аз эл болушу керектиги эскертилди. Бирок, эл деген - эл экен...”, - дейт ал.

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Бейшебаев Улукбек
Жаткан жери жайлуу болсун кош Эми байке бейиштен оорун ал
Мирбек
Эми мунун эмнеси журок ыйлаткан соз? Эй айланайын маалымат сайттары, акмак болбогула. Ушул жерден да акмакчылык менен сайтынарга кирген адамдын санын кобойтуунун устундо иштеп жатасынар эшектер. Элмирбек байкенин олумунон ушундай айбанчылыгынарды пайдаланбай турсанар деле болот эле го.
Оскомбаева Айнура
Кыргыз элинин жылдызы, акындардын алпы, жез тандай, акты суйлоп, калыс айтып, кыргыз эли эмес, казак элине да таанымал болгон Элмирбек ага, бул дуйно менен кош айтышып кетти. Ар бир айткан создору, айтыштары, ырлары кыргыз элинин журогунон туноок таап, сыймыгы болуп калдыныз кыргыз элимдин. Мирзат атандын арты кайрылуу болсун, ыйманы саламат болсун, бейиштин торунон орун алсын. Ырлары, создору туболук очпой жанып турат. Терен кайгыруу менен конул айтам.
Нуржамал
Эл ааз болгону жакшыгоо ,бирок ушуадай адамыбыздан айрылып ичибиз ачып турат .Адам олбос болсочу Жергеле комбос болсочу . Арман дунуйо
Назира
Кандай окунучтуу! Бугун бар эртен жок экенбизго. Арты кайрылуу болсун!