Кыргыз Республикасынын Эл артисти акын Элмирбек Иманалиевдин сөөгү эртең, 22-апрелде жерге берилет. Бул тууралуу акындын күйөө баласы Мирзат Муканов фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Бардыгына жооп берип жетише албайт экем. Атам эртең, 22-апрелде саат 11де Тунгучтан чыгарылат. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Бирок бул чакыруу эмес. Аз киши болсун деп жатышат, туура түшүнөбүз", - деп билдирүү калтырды Муканов.
Эскерте кетсек, кечээ, 20-апрелде алп акын Элмирбек Иманалиев кант диабетинен улам ооруканада каза болгон эле.
Пикирлер (1)