Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:59
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Элмирбек Иманалиевге ресторандан куран окутууга уруксат берилген жок

13.06.2020 10:31
1972
Элмирбек Иманалиевге ресторандан куран окутууга уруксат берилген жок

 

Бишкек шаарындагы “Дасмия” рестораны төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевге куран окутуу боюнча бүгүн, 13-июнга дайындалган масштабдуу иш-чараны өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.



Төкмө акынга куран окутуу “Тунгуч” кичи районундагы өз үйүндө өткөрүлмөй болду, короо алдына 5 боз үй тигилмек болгон.  

 

 

Мэриянын маалыматы боюнча, Октябрь райондук ыкчам топ жана тиешелүү жетекчилер маалыматтык иштерин жүргүзүп, массалык иш-чаралардын өтүүсүнө, көп сандагы адамдардын чогулуууна чектөө коюу тууралуу түшүндүүрүү иштерин жүргүзүүдө.  

 

"Бишкекте карантин режими күчүндө. Өкүнүчтүүсү, көптөгөн кафе, ресторандар санитардык талаптарга жооп бербей, нормалардын сакталышына кайдыгер мамиле жасап жатышат", - деп кошумчаланат маалыматта.



Эскерте кетсек, алп акын Элмирбек Иманалиев 20-апрелде кант диабетинен улам ооруканада каза болгон эле.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн