Бугу 05, 2024
Убакыт: 05:24
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Элмирбекти "чувак" деген көк мээге караганда казак менен өзбек жакын

22.04.2020 23:58
999
Элмирбекти "чувак" деген көк мээге караганда казак менен өзбек жакын


Элмирбекти "чувак" деген көк мээге таарынбай эле койгула. Сүйлөп ийип көк мээ экени билинип калды. Билинбей дымып олтургандары миңдеп, он миңдеп саналат. Шаардык болуп калган атасынан, ашып кетсе чоң атасынан аркыны билбеген таза маңкурттар да алар.


Бизге аларга караганда казак менен өзбек жакын. Тилиңди, дилиңди түшүнөт. Айтсаң уялат. Урушсаң ачык чечишип аласың. Булар сыяктуу ичтен иритпейт. Каратып туруп сатпайт. Идеалы Америка менен Европа эмес, жападан жалгыз акча эмес. Тагдырыбызга түбөлүк коңшулук жазылган деп туруп беришет. Көк мээлердин бир гана дарысы - аларды киши катары көрбөгүлө, адамча мамиле жасабагыла, алардын тилинде сүйлөбөгүлө, алардын тили менен эсептешкен чоңдордун сазайын бергиле. Ошондо гана эшек курту мурундарынан түшүп, өздөрүнүн ордун таап олтуруп калышат же жыргайбыз деп кыялданган жерлерине каңгып кетишет.


Бейшенбек Бекешов, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн