Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эльвира Сурабалдиева Курманбек Бакиевден маек алган Кадыр Кошалиевди кызматтан алууну талап кылды

18.05.2023 12:42
382
Эльвира Сурабалдиева Курманбек Бакиевден маек алган Кадыр Кошалиевди кызматтан алууну талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева парламенттин бүгүнкү жыйынында мурдагы президент Курманбек Бакиевден маек алган Кадыр Кошалиевди кызматтан алуу талабын койду.


Депутат ошондой эле УТРКнын улуттук телеканал катары “Бакиевдерди реабилитациялоо процесси башталдыбы” деген суроого ачык жооп беришин талап кылды.

 

“Мындай адамдар Курултайдын төрагасы боло албайт. Элди бөлбөгүлө... Мага “Бийлик Бакиевдерди реабилитация кылып жатабы” деп чалгандар көп болууда. Мен да бийликтин бир бутагынын өкүлүмүн. Эл арасында “реабилитация болуп жатат” деген суроого өкмөт, президенттик администрация комментарий бергиле же бул бийликтин расмий позициясы болбосо, Кошалиевди кызматтан кетиргиле”, — деди депутат. 

 

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн