Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 15:30
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Эльвира Сурабалдиева: Ооба, күзүндөгү шайлоого катышам

07.08.2020 16:36
1943
Эльвира Сурабалдиева: Ооба, күзүндөгү шайлоого катышам

 

 

Күзүндөгү шайлоого катышам, деп жазды депутат Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына.

 

Беш жылда жакшы таанып, билип деле калгансыздар - өзгөрүлбөй, эл өкүлү катары ишимди улантып кете беремин”, - дейт ал.

 

Депутат белгилегендей, эки жумадай калды, ким кайсы партия менен, эмне себептен барары жарыяланып, ачыкка чыгат.

 

Съезддерде талапкерлердин тизмедеги катары билинип, партия ичинде бир сыйра ызы-чуу болот. Андан кийин октябрда добуш алып, албагандардын ортосундагы концерттер, болочок депутаттардын “мамой клянусь” деп ант берген видеолоруна күбө болосуздар. Шайлоого барайынбы, 15 партиядан сунуш түштү деп фейсбуктан пост чыгарып, жоопкерчиликти бирөөгө оодаргандай адам эмесмин. Ооба, күзгү шайлоого катышамын”, - деп жазган Эльвира Сурабалдиева

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Илгис
Барсаныз Бутун кыргызстан Мадумаров менен баруунусту сунуштайм
Таалай
Барсаныз болот.