Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Элвира Сурабалдиева менен Тилек Токтогазиев камалабы?

03.12.2020 15:01
2930
Элвира Сурабалдиева менен Тилек Токтогазиев камалабы?


Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жана  айыл-чарба, тамак-аш өндүрүшү жана мелорация министри Тилек Токтогазиев 5-6-октябрдагы баш аламандыкта жүргөнү үчүн эмнеге камалбайт? Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев айтып чыкты. 


Жактоочу алардын майлуу кызматта отурганына наарзычылыгын да билдирди.


"Октябрь башаламандыгында Тилек Токтогазиев менен Элвира Сурабалдиева дагы жүргөн. Эмне себептен алар кылмыш жоопкерчилигине тартылган жок? Балким, ага негиз болгон эмес? Демек, Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаевди күнөөлөгөнгө дагы негиз жок",- деди Жоошев. 


Эске салсак, Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовду жана Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаевди үй камагына чыгарууну жакындары жана жактоочулары суранууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн