Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Элвира Сурабалдиева жакында камалабы?

16.11.2020 13:06
4422
Элвира Сурабалдиева жакында камалабы?


Интернетте вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиеванын мамлекеттик сырды ачыкка чыгарып жибергени боюнча маалымат тарап жатат. Бул тууралуу “Арыба” интернет сайты да маалымдады. Анда жакынкы күндөрү Сурабалдиевага кылмыш иши козголору айтылган.


“Үч күн мурда бардык журналисттерди госматрезервдин жашыруун сакталган жайына ээрчитип барып, ал жактын дарегин жарыялаганы, сакталган дары-дармектердин тизмесин жана көлөмдөрү боюнча маалыматты ачыкка чыгаруусу мамлекеттик сырды сактоо мыйзамынын бир канча талаптарын одоно бузганы кабарланууда. Биздин угушубузча, бул факты боюнча атайын кызмат жакында кылмыш ишин ачышы зарыл! Вице-премьер-министр өзүнүн ишин аткарууга жараксыз экенин жарыялады, эми андан тыянак чыгарып, жоопкерчиликке тартылышы керек”, - деп айтылат аталган маалыматта. 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Алмаз
Мыйзам чегинде жооп берсин, эгерде кылмыш кылса, жазасын алсын! Мындай адамдарды, демагог деп койот!
Туура
Митингдеги айкыргандардын бири.Камаш керек