Чын курандын 24, 2025
Убакыт: 08:03
USD
87.30
87.80
EUR
99.20
100.20
RUB
1.040
1.090

«Эмарк Групп» компаниясынын директору тергөө абагына камакка алынды

13.10.2023 17:07
379
«Эмарк Групп» компаниясынын директору тергөө абагына камакка алынды


«Эмарк Групп» курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматов соттун чечими менен камакка алынды.

Октябрь райондук сотунан билдиришкендей, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын 2023-жылдын 12-октябрындагы чечими менен УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ага тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, А.Ч.К.га карата 2023-жылдын 4-ноябрына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине (СИЗО-1) камакка алынды.

Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча айыпталууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн