Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 08:50
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Эмчек рагынан жабыркаган аялдарды дарылоого 25 млн сом каралмай болду

09.05.2020 12:24
754
Эмчек рагынан жабыркаган аялдарды дарылоого 25 млн сом каралмай болду


Бүгүнкү күндө онкологиялык дарттан жабыркаган балдарга Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар онкогематологиясы бөлүмүндө 35 орун, күндүзгү дарылануучу 4 орун жана Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасындагы балдар онкология бөлүмүндө 10 орун медициналык көмөк көрсөтүлөт. 

 

Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин кезектеги жыйынында айтылгандай, буга катар 25 млн сомду эмчек безинин рагынан жабыркаган аялдарды натыйжалуу дарылоо үчүн зарыл болгон химиялык-таргеттик дармектерди сатып алууга жумшоо жана бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында Саламаттык сактоо министрлиги тараптан химиялык-таргеттик дармектерди борбордоштурулган сатып алууну жүргүзүүсүн жактыруу чечими кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн