Бугу 12, 2024
Убакыт: 21:35
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Эмдөөдөн мурда тез татым, консерванттарды жебеш керек

Эмдөөдөн мурда тез татым, консерванттарды жебеш керек

Күз жана келе жаткан кыш суук мезгили болуп саналат, ошондуктан, мезгил бою жигердүү ден соолукту чыңдоо жана иммунитетти жогорулатуу маанилүү. Ушуга байланыштуу туура салмактуу тамактануу - иммундук системаны чыңдоонун негизи болуп саналаарын Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун нутрициолог дарыгери Марина Дүйшенкулова брифинг учуранда айтып өттү.


Анын айтымында, ар бир адамдын тамактануусу мүмкүн болушунча ар түрдүү болушу зарыл, анда бардык керектүү заттар, витаминдер жана минералдар бар. Көбүнчө булар түрдүү түстөгү жашылчалар, чөптөр, жемиштер, эт, жаңгактар, буурчак, дан өсүмдүктөрү. Ошондой эле рационго: эт, балык, сүт азыктарын, буурчак өсүмдүктөрүн жана жумуртканы кошуу зарыл.


“Эмдөөдөн үч-төрт күн мурун фаст-фудду, анын ичинде таттуу сода жана консерванттар көп болгон тамактарды токтотуу керек. Себеби алардын айрымдары иммунитетти түшүрүү касиетине ээ”- деп белгиледи Марина Дуйшенкулова.

Ал ошондой эле вирустук эпидемия учурунда катуу чектөөчү диетаны колдонуу сунушталбагандыгын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн