Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 12:10
USD
86.55
87.05
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Эмдөөдөн өткөндөрдүн жалпы саны 80 миңден ашты

Эмдөөдөн өткөндөрдүн жалпы саны 80 миңден ашты


Кыргызстанда коронавируска каршы 42 029 адам толугу менен (эки дозаны тең алды) эмделип бүттү. Бул тууралуу Республикалык штабдын 5-июнга карата берген маалыматында көрсөтүлгөн.

Ал эми биринчи ирет эмделгендерди кошкондо алардын саны 86 883кө жетет. Бир күндө 2 500гө чукул кыргызстандык вакцина алып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда. Негизинен өлкөнүн бардык аймактарына вакцина жеткирилген.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Өлкөгө Кытайдын Sinopharm жана Россиянын "Спутник V" препаратынан 190 миң доза алып келинген.

Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев сентябрь айына чейин бир миллион адам вакцина алып бүтөрүн билдирген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн