Бишкек шаардык мэриясы коронавирус инфекциясын жоюу максатында эмдөө иштерин жүргүзүүдө шаардыктарга стимул берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу мэрияда өткөн жыйындан кийин белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, вице-мэр Мозгачева Lion бут кийимдер дүкөндөрү менен эмдөөдөн өткөндөргө арзандатуу болорун макулдашкан.
"Учурда шаардыктага стимул берүү механизми иштелип жатат. Вице-мэр Виктория Мозгачева Биринчи май райондук акмиаттын демилгесин белгиледи. Анда бут кийим саткан ири дүкөн менен биргеликте акция жүргүзүп, эмделгендерге арзан баа менен берилет", — деди Виктория Мозгачева.
Пикирлер (1)