Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 11:03
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Эмгек акысы дагы төлөнөт. Сот Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан алган жетекчилердин кызмат ордун калыбына келтирди

18.08.2022 14:02
910
Эмгек акысы дагы төлөнөт. Сот Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан алган жетекчилердин кызмат ордун калыбына келтирди

Сот Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп турганда бошоткон үч медиктин кызматын калыбына келтирди. Мындай чечим Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан чыгарылды.


Ошентип, Айнура Акматова, Гүлмира Ибраеванын жана Азамат Жумалиевдин КР Саламаттык сактоо министрлигине карата буйруктарын мыйзамсыз деп таануу, мурдагы кызматын калыбына келтирүү, мажбурлап иштен чыккандыгы үчүн эмгек акысын өндүрүү жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгымдарды өндүрүү жөнүндө доо арызы канааттандырылды.


КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылы 27-майда чыккан №126, 127, 128 буйруктары мыйзамсыз деп табылды.


- .А.Б. КР Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси кызматына;


- А.А.Б. КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси кызматына;


- И.Г.А. КР Саламаттык сактоо министрлигинин иш кагаздарын жүргүзүү жана уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы болуп калыбына келтирилди.


Ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинен доогерлердин пайдасына мажбурлап иштен чыккан мезгили үчүн эмгек акы өндүрүлөт.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн