Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 10:20
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Эмгек кодексине аномалдуу ысыкта иш күнүн кыскартууну киргизүү сунушталды

28.10.2024 13:35
156
Эмгек кодексине аномалдуу ысыкта иш күнүн кыскартууну киргизүү сунушталды


Депутат Медербек Алиев Эмгек кодексине аномалдуу ысыкта иш күнүн кыскартууну киргизүү сунушун айтты.


Жогорку Кеңеште Эмгек кодексинин долбоору боюнча парламенттик угууда эл өкүлү мындай ченем эл аралык практикада, жакынкы Казакстан менен Россияда колдонуларын эске салып, Кыргызстанда мындай норманын бар-жогуна кызыкты.


Эмгек министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев бүгүн сунушталып жаткан Эмгек кодексинде мындай шарт каралбаганын билдирди. Ал эми эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын директору Чолпонкул Мадьяров жумуш берүүчү коопсуз, ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө милдеттүү экенин белгиледи.


"Эмгек кодексинде жумуш берүүчү кол алдындагыларга коопсуз шарт түзүп берүүгө милдеттендирилген. Эки жыл мурда аномалдуу ысык болгондо Саламаттык сактоо министрлиги буйрук чыгарган эле. Анын негизинде жумушчуларды ичүүчү суу менен камсыздоо, 50 жаштан улууларга жумуш күнүн бир саатка кыскартуу каралган. Бирок бул Эмгек кодексине кирген эмес", — деди Мадьяров.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн