Бугу 04, 2024
Убакыт: 17:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Эмгек министри Азербайжандын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

09.08.2023 09:39
358
Эмгек министри Азербайжандын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов менен кызматташуу маселелерин талкуулады.

Министрликтен билдиришкендей, Азербайжандын элчиси баш кеңсеси Баку шаарында жайгашкан Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) эмгек борборунун алкагында биргелешкен ишмердүүлүктү сунуштады.

Ал эми министр Базарбаев Кыргызстан менен Азербайжан бири-бирин эл аралык платформаларда жана өз ара кызыкчылык маселелеринде активдүү колдошорун белгиледи. "Министрлик Ислам кызматташтык уюмуна караштуу эмгек борборун ачуу демилгесин колдойт жана аталган борбордун уставына кол коюуга даяр", - деди министр.

Эмгек борборунун ишке кириши катышуучу өлкөлөрдүн (Азербайжан, Түркия, Сауд Аравиясы, Судан, Мавритания, Бенин, Бахрейн, Того, Ливия, Марокко) эмгек мыйзамдарын шайкеш келтирүүнү болжолдойт, мында Кыргыз Республикасы учурдагы эмгек мыйзамдарына жана стандарттарына талдоо жүргүзүшү керек.

Ошондой эле жолугушууда ИКУ алкагындагы Эмгек, жумуштуулук, эмгек миграциясы жана социалдык коргоо маселелери боюнча маалыматтык системаны жана платформаны түзүү боюнча кызматташуу талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн