Теке 27, 2024
Убакыт: 13:26
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Эмгек министри бардык интернаттарга видеокөзөмөл орнотууну тапшырды

07.12.2023 10:47
348
Эмгек министри бардык интернаттарга видеокөзөмөл орнотууну тапшырды


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде социалдык түйүндөрдө пайда болгон видео боюнча кабарлайт.

Министрликтин айтымында, бул видео 2021-жылы кыш мезгилинде тартылган. Буга чейин мекеменин жетекчилиги жана мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлер алмашылган.

Учурда социалдык мекемеде эч кандай мыйзам бузуулар катталган эмес. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова интернатка кошумча текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында министр кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында бардык социалдык стационардык мекемелерге видеокөзөмөл орнотуу боюнча тапшырмаларды берген. Бүгүнкү күнү министрдин тапшырмасынын алкагында бардык мекемелер видеокөзөмөл жабдуулары менен камсыздалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн