Кулжа 14, 2025
Убакыт: 05:48
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Эмгек министри кытай компаниялары менен жумуш орундарын түзүүнү талкуулады

13.06.2025 09:39
25
Эмгек министри кытай компаниялары менен жумуш орундарын түзүүнү талкуулады


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров кытайлык Bitmain компаниясынын жетекчиси Чжоу Фэн, Kincaid group компаниясынын жетекчиси Чжан Жуй менен жолугушту.


Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, өндүрүш ишканаларын ачуу жана өлкө аймактарында жаңы жумуш орундарын түзүү маселелерин талкуулашты. Бул чаралар эмгек миграциясын кыскартуунун натыйжалуу инструменттеринин бири катары каралды.


Равшанбек Сабиров акыркы жылдары Кыргызстандын ИДПсы туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүп жатканын белгилеп, чет элдик инвесторлор үчүн салыктын жана укуктук жеңилдиктерди камтыган жагымдуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.


"Биз өлкөнүн аймактарында реалдуу жумуш орундарын түзүүгө жана экономикага салым кошууга даяр болгон инвесторлор менен узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдарбыз. Калкты иш менен камсыздоо — тышкы миграцияны кыскартуунун жана социалдык туруктуулукту бекемдөөнүн негизги фактору", — деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн