Бештин айы 11, 2024
Убакыт: 13:23
USD
86.65
87.15
EUR
91.20
92.20
RUB
0.845
0.900

Эмгек министри социалдык мекемелердин кышка даярдыгын жеке текшерүүдө

16.10.2024 13:31
606
Эмгек министри социалдык мекемелердин кышка даярдыгын жеке текшерүүдө


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Чүй облусундагы социалдык стационардык мекемелердин жылытуу мезгилине карата даярдыгын пландан тышкары текшерди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин башчысы текшерүүнү Жайыл психоневрологиялык социалдык стационарынан жана Беловодскидеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационарына баруудан баштады.

Эмгек министрлигинин системасында бардыгы болуп 17 социалдык стационардык мекеме (ССМ) иштейт, аларда 2 397 кызмат алуучулар жашайт. Анын ичинен майыптыгы бар кары – картаңдар жана чоңдор – 523 адам, психоневрологиялык диагнозу менен - 1 373 чоң адам жана 501 бала.

Полотованын айтымында, жайында эле 1 550 тонна катуу отун жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн.

"Бул максатта бюджеттен 9 млн сом бөлүнүп, 85% га жакын көмүр стационардык мекемелерге жеткирилди. Бардык мекемелерге жылытуу системасын алдын ала текшерүү боюнча буйрук берилди. Мындан тышкары, кызмат алуучулар жылуу кийимдер менен камсыздалды", - деди министр.

Эмгек министрлигинин башчысы кызмат алуучулардын жашоо шарты, жылытуу системасынын иштеши, тамак-аш даярдоочу блоктун жана жабдуулардын абалы менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө мекемеге Назгүл Насиева фондунан матрастар таратылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн