Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 22:04
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Эмгек министрлиги 1-январдан 7-январга чейин эс алуу күндөрү деп жарыялоону сунуштады

14.11.2024 14:58
232
Эмгек министрлиги 1-январдан 7-январга чейин эс алуу күндөрү деп жарыялоону сунуштады


Эмгек министрлиги 1-январдан 7-январга чейин эс алуу күндөрү деп жарыялоону сунуштады. Министрлер кабинетинин тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, долбоор менен беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерине 2025-жылдын 1-январынан 7-январына чейин узак дем алыш күндөрүн белгилөө, ошондой эле 2025-жылдын 2-майы дем алыш күн деп аныктоосу сунушталат.

Ошондой эле, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында бул долбоор менен беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык дем алыш күндөрүн 2025-жылга жылдырууну сунушталат.

Ошону менен бирге, “КР Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана КР Эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамынын долбоору менен мындан ары кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттырууну талап кылган экономикалык өсүштү, соода, каржы жана банк операцияларын жана башка бизнес процесстерди жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында министрлер Кабинетинин жумуш эмес майрам күндөрүн дем алыш күндөрүнө дал келген жылдыруулары боюнча кошумча чечимдерин иштеп чыгуу практикасын жокко чыгаруу пландаштырылууда.

Ушуга байланыштуу “КР Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана КР Эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамынын долбоору кабыл алынган учурда бул токтомду күчүн жоготту деп табуу сунушталат.

Бул токтом долбоорун кабыл алуу башка ченемдик укуктук актыларга оңдоолорду киргизүү зарылдыгына алып келбейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн