Кулжа 11, 2025
Убакыт: 03:54
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.105
1.135

Эмгек министрлиги 500 баланы жайкы эс алууга жөнөттү

10.06.2025 11:18
24
Эмгек министрлиги 500 баланы жайкы эс алууга жөнөттү


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров жайкы ден соолук кампаниясынын алкагында аярлуу категориядагы балдардын биринчи агымын эс алууга жөнөтүүнү жеке өзү көзөмөлдөдү.


Ведомстводон маалымдашкандай, балдардын эс алуусу 10-июндан башталып, 22-июлга чейин уланат. Биринчи агымга Чүй облусунан, Бишкек шаарынан, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан 500 бала жөнөтүлүүдө.


Жалпысынан программада 6 агым пландалууда, ага 1200 бала – 1000 өспүрүм жана 200 майыптуулугу бар балдар кирет.


"Жайкы эс алууларды уюштурууга мамлекеттик бюджеттен 15 млн сом бөлүндү. Мындан тышкары, 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын февралына чейин 600 майыптуулугу бар балдарга Президенттин резервдик фондунан колдоо көрсөтүлгөн", - деди министр.


Белгиленгендей, ар бир агым сөзсүз түрдө майыптуулугу бар балдарды камтыйт. Программа жайкы мезгилде калктын социалдык аялуу катмарындагы балдардын ден соолугун жана бакубаттуулугун колдоого багытталган.


"Министрлик жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, майыптардын, камкордукка алынган, жетим балдардын, ошондой эле өзгөчө камкордукка муктаж жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын жайкы эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону уюштуруп келет", - деди Равшанбек Сабиров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн