Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эмгек министрлиги: 88 миң баланын ата-энеси миграцияда

09.02.2024 10:20
207
Эмгек министрлиги: 88 миң баланын ата-энеси миграцияда


Кыргызстанда 106 фостердик үй-бүлө бар, ал жактарда 207 бала тарбияланат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, фостердик үй-бүлө уюштургандардын бардыгы министрлик менен келишим түзгөн. Министрдин орун басары Жаңыл Алыбаеванын айтымында, былтыр ата-энеси мигрант болуп кеткен жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды аныктоо максатында соцкызматкерлер дээрлик 326 миң үйдү кыдырышкан. Анын жыйынтыгында 88 миң баланын ата-энеси миграцияда экенин аныкталып, ата-энелер менен балдарды камкордукка алуу зарылдыгы тууралуу иштер жүргүзүлгөн.


"Бул иштен кийин 57 бала фостердик үй-бүлөлөргө, 53ү интернатка жөнөтүлгөн. Учурда 137 интернатта 9,9 миң бала жашайт. Алардын 5 пайызынын гана ата-энеси жок, калгандарынын ата-энелери бар", — деген министрдин орун басары.


Фостердик үй-бүлө кароосуз калган наристе, өспүрүмдөрдү убактылуу асырап берет. Алар жетим балдарды, ата-энеси соттолуп же дайынсыз жоголуп кеткендердин, ден соолугу начар болгондуктан өздөрү карай албаган адамдардын чүрпөлөрүн да камкордукка алат. Ошондой эле ата-энеси көп убакытка чет өлкөгө мигрант болуп иштеп кеткен, таштаарга жери жоктордун балдарын да карайт. Бирок толугу менен асырап албайт, мамлекет менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин эле бага алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн