Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 08:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Эмгек министрлиги: Бишкекте 4,4 миң бош орун бар

10.07.2024 18:27
248
Эмгек министрлиги: Бишкекте 4,4 миң бош орун бар


1-июлга карата Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгында 4 408 бош орун катталган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомстводон билдиришкендей, иш берүүчүлөр талап кылган адистердин 73,7% жумушчу кесиптер.

"Жарым жыл ичинде Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгына 8,6 миң адам ишке орноштуруу жана иш менен камсыз кылуу боюнча жардам сурап кайрылган. Ар бир үчүнчү адам жумушка орношкон же жумушка орношууга дайындалган. Ишке орношкондордун эң көп саны Борбордун Ленин районунда катталган", - деп айтылат маалыматта.

Борбор калаада жалпысынан 4952 адам жумушсуз деген расмий статуска ээ, негизинен аялдар жана жаштар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн