Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:29
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандыктардын 39,3 млн айлык акысын алууга жардам көрсөттү

17.10.2024 15:36
186
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандыктардын 39,3 млн айлык акысын алууга жардам көрсөттү


9 айда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү 557 кыргызстандыкка 39 млн 300 миң рубль өлчөмүндө төлөнбөй калган эмгек акысын алууга жардам көрсөттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, өкүлчүлүк Кыргызстандын дагы 7 жаранына жумуштан алган жаракатынан улам ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 2,6 млн рубль кенемте өндүрүүгө жардам берди.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо максатында 107 жарандын укуктарын коргоо боюнча 32 соттук отурумга катышты.

Кыргызстандын 134 жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүүгө байланыштуу 9 млн 500 миң рубль өлчөмүндө компенсация төлөндү.

Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын маселелери боюнча 7 миңден ашык кыргызстандыкка жеке жана телефон аркылуу консультация берилди.

Мындан тышкары, ата-энесинин камкордугусуз калган 11 жашы жете элек балдарга, мекенге кайтарууда (репатриациялоодо), ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган 4 Кыргыз Республикасынын жаранына жардам көрсөтүлгөн.

Ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган Кыргызстандын 4 жаранына, 2 586 жаранына милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алууга жардам көрсөтүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн