Эмгек министрлиги менен «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКсы жумушсуз жарандарды окутуу жана ишке орноштуруу боюнча кызматташат. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова менен заводдун жетекчилигинин жолугушуусунда маалым болду.
«Майлуу-Суу лампа заводу» ААКнын директору Виктор Ляховец билдиргендей, завод мамлекеттин карамагына өткөндөн бери 2021-жылга салыштырмалуу 15,9 миллион лампа көп сатылган. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 280,7 миллион сомго көп киреше алып келди.
Анын айтымында, былтыртан бери кызматкерлердин эмгек акысы 40%га көтөрүлүп, бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 20,5 миң сомду түзөт. Эмгек акы фонду жалпысынан 2021-жылдагы 256,3 миллион сомдон 2022-жылы 333,1 миллион сомго чейин өстү.
«Эмгек шарттарын талкуулоо учурунда «МСЛЗ» ААКда учурда окуу борбору жок экени белгилүү болду. Министрлик заводдун жумушчуларынын квалификациясын жогорулатуу жана жумушсуз жарандарды андан ары ишке орноштуруу менен окутуу үчүн лампа заводунун окуу борборун ачууну сунуштады. Жумушсуз жарандарды кесиптик окутуу, кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу алкагындагы кызматташуу талкууланды», - деди Наргиза Туркебекова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн