Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 22:26
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Эмгек министрлиги мигранттарга 14 млн рубль төлөнбөгөн эмгек акыларын алууга жардам берген

24.07.2023 08:40
296
Эмгек министрлиги мигранттарга 14 млн рубль төлөнбөгөн эмгек акыларын алууга жардам берген


Алты ай ичинде Россиядагы мигранттарга 14 млн рубль төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берилди. 

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүнө россиялык иш берүүчүлөр тарабынан Кыргызстандан барган эмгек мигранттарына төлөнбөгөн эмгек акылар боюнча 245 кайрылуу түшкөн.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында (иш сапарлары, сүйлөшүүлөрү, РФнын прокуратурасына жана укук коргоо органдарына кайрылуулар) 193 кыргызстандык эмгек акысын ала алышкан.

Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 14 млн 14 миң 800 рублди түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн