Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 12:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Эмгек министрлиги мигранттарга соцтармактагы террордук азгырыктарга алданбоого чакырды

28.03.2024 13:34
160
Эмгек министрлиги мигранттарга соцтармактагы террордук азгырыктарга алданбоого чакырды


Кыргызстандын Эмгек министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү мигранттарды социалдык тармактар аркылуу ишке тарткан алдамчыларга ишенбөөгө чакырды.


Маалыматта адамдарды террордук актыларга азгыруу үчүн соцтармактарда үгүт иштери жүрүп жатканы белгиленген.


"Популярдуу Telegram сыяктуу мессенжерлер аркылуу адамдарды, өзгөчө жашы жете элек балдарды Россиянын аймагында террордук актыларга катышууга активдүү үгүттөгөн аракеттер жүрүп жатканын эскертебиз. Жалдоочулар таанышуу сайттары аркылуу да иштешет. Алар көбүнчө депрессияга же кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылган адамдарды кайырмагына илүүгө аракет кылышат", — деп айтылат маалыматта.


Өкүлчүлүк Россиянын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды ар кандай чагымдарга алдырбоого, социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоого, түрдүү акцияларга катышпоого, ошондой эле балдарды көзөмөлдөөгө чакырат.


Министрлик террордук актыга катышкандар Россиянын мыйзамдары боюнча өмүр бою эркинен ажыратыларын эскертти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн