Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:44
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Эмгек министрлиги жаштарды жана мигранттарды ишке орноштуруу боюнча долбоорду ишке киргизди

14.06.2023 10:10
317
Эмгек министрлиги жаштарды жана мигранттарды ишке орноштуруу боюнча долбоорду ишке киргизди


Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги жаштарды жана мигранттарды ишке орноштуруу боюнча долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, министрдин орун басары Жылдыз Полотова Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен «Кыргыз Республикасындагы социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо» биргелешкен долбоорун ишке ашырууну талкуулады.


Маалыматка ылайык, , долбоор биринчи кезекте «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган муктаж үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган. 


«Долбоор аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул алуучунун абалынан жеке ишкер позициясына өтүүгө жардам берүүнү камтыйт. Үй-бүлөлөр бизнес-план жазууга үйрөтүлүп, жаштар, анын ичинде кайтып келген эмгек мигранттары бекер кесиптик билим алып, андан соң жумушка орношууга көмөк көрсөтүлөт. Жаштар окуу учурунда жакшы стипендия ала алышат», - деди ал.


Жолугушууда долбоордун компоненттерин ишке ашыруунун, республиканын социалдык камсыздоо системасын чыцдоонун деталдары талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн