Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

“Эмгек” партиясы жана жаңы идеялар. Бишкекте жаштар канатынын бет ачары болду

15.03.2021 13:32
3196
“Эмгек” партиясы жана жаңы идеялар. Бишкекте жаштар канатынын бет ачары болду

 

Бишкекте 14-мартта “Эмгек” саясий партиясынын жаштар канатынын жаңыланган курамы тааныштырылды.


Бардык олуттуу партиялардын жаштар канаттары бар. Жаштар партияларга жаңы муундун көйгөйлөрүн чечүүгө, жаш шайлоочулар менен диалог түзүүгө жана саясий уюмдун катарын келечеги кең кадрлар менен толуктоого жол ачат.


“Эмгек” партиясынын жаштар канаты 2015-жылы түзүлгөн. Анын негизги максаттарынын бири жаштардын билим деңгээлин көтөрүү жана аларга өзүн-өзү өстүрүү жолдорун көрсөтүү болгон. “Биздин долбоорлор бүткүл өлкөнү камтыды. 2015-жылы биз бардык аймактарды кыдырып, 12 жаштан 25 жашка чейинки 15 миң адамга тренингдерди өткөрдүк. Учурда Салымбеков атындагы Бизнес мектебинин билим берүү борборлору бардык аймактарда иштейт. “Билим берүү лигасы” долбоору ишке ашырылды. Бул Аскар Салымбеков Фондунун жана биздин жаштар канатынын ишинин жемиши. Биз пландаштырган нерселердин бардыгын ишке ашырдык. Биздин демилгелерди колдогону үчүн партияга рахмат”, - деди “Эмгек” партиясынын жаштар канатынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ардак Чапаев.


“Акыл-Тирек” жаштар канатынын биринчи курамынан чыккан көптөгөн жаштар дагы деле болсо бири-бири менен байланышта болуп, азырда партиянын идеалдарын карманышат. Ар бири өзүнүн позициясында эл үчүн иштеп жатышат. Жаштар канатынын идеяларга жана демилгелерге бай жаңы курамын көрүү жагымдуу. Силер биздин ишибизди ийгиликтүү улантасыңар деп ишенебиз”, - деп белгиледи Ардак Чапаев.


“Эмгек” партиясынын жаштар канатынын жаңыланган курамына миңдеген жаштар - студенттер жана ар кандай тармактарындагы адистер кирет. Жаштар канатынын активисттери кайсы маселелерди көбүрөөк тынчсыздандырарын айтып беришти. Бекзат Байраковдун айтымында, сабаттуулуктун төмөн болушу Кыргызстандын негизги көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда. “30 жылдан бери биз эски, чектелген билим берүү тутумунан заманбап, акысыз жана тандоо укугун берген системага өтө албай жатабыз. Аны ишке ашырууга убакыт келди. Бизге бүтүрүүчүлөрүбүздүн дүйнө жүзү боюнча атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек”, - деди ал.


“Мурунку муундар тиричилик менен гана алек болушкан. Элде саясатка жана коомдук турмушка карата массалык кайдыгерлик пайда болуп калган. Бирок, азыр башка мезгил, бизде өзгөрүүлөрдү жасоого мүмкүнчүлүк бар. Биздин милдет – элге түшүндүрүү жана жаштардын коомдук турмушка активдүү катышуусу. “Эмгек” партиясынын жаштар канатына жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө даяр эмгекчил, чыгармачыл жана демилгелүү балдар-кыздар чогулган. Максатыбызга жетебиз деп ишенем”, - деди Бекзат Байраков.


“Биздин партияда мотивациялуу жаштардын көп болгону абдан жакшы. Кандай гана болбосун, бардык пландарыңардын ишке ашуусуна тилектешмин. Албетте, бул оңой иш эмес, ар кандай тоскоолдуктарга каршы турууга туура келет. Бирок, жаш кезиңерде, күчүңөр жана ден-соолугуңар бар кезде, келечегиңерге кам көрүшүңөр керек”, - деди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Камилла Сагыналиева.


"Эмгек" партиясынын төрагасынын орун басары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Жаныбек Абиров жаштарга ийгиликтин сырын ачып берди. “Баарыңарда кантип ийгиликтүү, бай болом жана Мекенге кантип пайдамды тийгизем деген суроо бар. Анын бир гана жолу бар: өзүңүзгө максат коюп, талыкпай эмгектенип, өзүн-өзүңдү тартипке сала билүү”, - деди ал.


“Бишкекте жаштардын коомдук уюмдары көп. Бирок, алардын бирдиктүү башталышы жана жалпы идеологиясы жок. Биз шаардык кеңешке барсак, мэриянын алдында жаштардын координациялык кеңешин ачалы деп жатабыз. Анын жардамы менен жаштар уюмдарынын иши бир топ натыйжалуу болот. Жаш лидерлер каалаган маселе боюнча өз сунуштарын айта алышат жана алардын үнү жетет. Шаарга жаштардын жаңы көз караштары керек”, - деп белгиледи Жаныбек Абиров.


***"Эмгек" саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Омуралиева тарабынан каржыланды

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн