Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

“Эмгек” партиясынын талапкерлери бишкектиктер менен жолугушуусун улантууда

21.03.2021 14:46
2346
“Эмгек” партиясынын талапкерлери бишкектиктер менен жолугушуусун улантууда


“Эмгек” партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди борбор калаанын Ленин жана Биринчи май районунун тургундары кучак жайып тосуп алды. Талапкерлер ачык абада Красный строитель жаңы конушунун жашоочулары менен жолугушуп, алардын талаптарын угушту. Тагыраагы жолугушуунун жүрүшүндө шаардын жашоочулары жол, инфраструктураны өнүктүрүү, бала бакча, сугат суу, көчөлөрдү жарыктандыруу маселелерин көтөрүштү. 



Депутаттыкка ат салышып жаткан Жумабек Салымбеков калктын бир катар суроолоруна жооп берерден мурда партиянын “Демилгелүү шаар” деген программасында бул маселелер да камтылган жана аны чечүү жолдору сунушталганын белгиледи. Ал колдоп келгендерге ыраазычылыгын билдирип, аларды “Нооруз” майрамы менен куттуктап, ден соолук, узун өмүр жана өсүп өнүгүү каалады. Ошондой эле, ал шаардык кеңештин депутаты катары кандай демилгелерди көтөрүп, кандай ийгиликтерге жетишкендиги тууралуу элге кыскача айтып берди. 


Анын сөзүнө караганда, “Эмгек” партиясынын жергиликтүү шайлоого баруудагы максаты Бишкекти өнүктүрүп, элдин жашоо деңгээлин жакшыртуу болуп саналат. Ошондой эле ар бир конуштун өнүгүшүн камсыздоо партиянын приоритети болуп эсептелет.


“Биздин партиянын программасында калктуу конуштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. “Эмгек” партиясы дайым эл менен!”,- деди Салымбеков.


Ал эми дагы бир талапкер Эльмир Досалиев шайлоочуларга кайрылып, эгер Бишкекте өнүгүп-өсүү болсун десеңиздер анда жаратман “Эмгек” партиясын тандоолору керектигин баса белгиледи. 


“Эмгек” партиясынын талапкерлери Бишкек шаарынын жашоочулары менен жолугушуусун улантууда. Кезектеги жолугушуу борбордун Биринчи Май районунда болду. Анда А.Малдыбаев жана И.Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары өздөрүнүн бардык суроолорун бере алышты жана талапкерлерден эң курч көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү. Алардын катарында коомдук эс алуучу жайларды, балдар аянтчаларын, тышкы жарыктандырууну жана инфраструктураны жакшыртуу ж.б.


Өз кезегинде талапкер Назир Асанбердиев борбордогу көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн конкреттүү механизмдерин так көрсөткөн “Эмгек” партиясынын программасы жөнүндө кеңири айтып берди.


Алар эгер шаардык кеңешке өтүп калса, анда “Эмгек” партиясынын талапкерлери шаардын администрациясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, шаардагы түтүн жана тыгын көйгөйлөрүн чечүүгө болгон күч-аракетин жумшай турганын билдирди.


Жолугушуунун соңунда шаар тургундары партиянын программасын колдоп, талапкерлерге ийгиликтерди каалап, баталарын беришти.


***"Эмгек" саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн