Бугу 14, 2024
Убакыт: 19:34
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

“Эмгек” партиясынын талапкерлерин жаңы конуштардын тургундары жылуу кабыл алууда

24.03.2021 17:14
1892
“Эмгек” партиясынын талапкерлерин жаңы конуштардын тургундары жылуу кабыл алууда

“Эмгек” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине аттанып жаткан талапкерлер шаар тургундары менен күн сайын жолугушууларды өткөрүүдө.Мирбек Эсенбеков “Ак-Босого” жаңы конушуна, ал эми Төрөгелди Узакбаев “Учкунда” шайлоочулар менен кезикти.


Жолугушууга өз районунун жана борбор калаанын көйгөйлөрүнө кайдыгер карабаган көптөгөн жарандар келди. Алар аталган калктуу конуштардын инфраструктурасында маселе бар экенин, жолдор жана тротуарлар жетишсиз, ирригация системасы өнүкпөй жана эс алуучу жайлар жок экендигин билдиришти. Андан сырткары муниципалдык кызматка да нааразычылыктар болуп жатканын айтышты. Мисалы, аймакты жашылдандыруу ишине алар канааттанбай келишет.

Мирбек Эсенбеков жана Төрөгелди Узакбаев калктуу конуштарды өнүктүрүү “Эмгек” партиясы үчүн приоритеттүү кадамдардын бири экендигин белгилешти.

“Калктуу конуштар борбор калаанын бүтүндөй бир бөлүгү болуп саналат. Андыктан, сиздер бизди тандасаңыздар жашоо-шартыңарды жакшыртуу үчүн бар күчүбүздү жумшаганга даярбыз. “Демилгелүү шаар” аталган программабызда атайын калктуу конуштарды өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү планыбыз бар. Керектүү жерлерге жолдорду жана тротуарларды салып, ирригация маселесин чечебиз”, – деди Мирбек Эсенбеков.


“Калктуу конуштарга чакан эс алуу жайларын куруп беребиз. Гүл бакчалар менен парктар жаныңыздарда болот. Дарыя жээктерин ирээтке келтиребиз. Бак-дарак, бадалдардын жана гүлдөрдүн көчөттөрүн отургуза турган муниципалдык питомник курсак, аны менен бүтүндөй шаарды жашылдандырууга мүмкүн болот. Бак-дарактарды мыйзамсыз кыйгандарга карата жазаны күчөтөбүз”, – деди Төрөгелди Узакбаев.


“Ак-Босого” жана “Учкун” жаңы конуштарынын тургундары “Эмгек” партиясына өз бааларын берүү менен талапкерин колдой тургандыгын билдирип, алдыда боло турган шайлоодо ийгилик каалап кетишти.   

“Эмгек” партиясы Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышууда. Шайлоо бюллетенинде ал 22 деген номер менен катталууда.


“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн