Бугу 07, 2024
Убакыт: 16:37
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Эми Кыргызстанда эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерүүгө болот

16.08.2023 09:00
188
Эми Кыргызстанда эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерүүгө болот


Ветеринария кызматы этти сатып алардан мурун QR-кодун сканерлеп, сапатын жана сактоо мөөнөтүн текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү идентификациялык системаны ишке киргизди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эми ар бир жаран базардагы мал этинин салатны, малдын союлган күнүн QR-код аркылуу текшерип билсе болот.

"Эттин сапатын, малдын жашын, кайдан келгенин, качан союлганын, ал тиешелүү ветеринардык – санитардык талаптарга жооп береби же жокпу мунун баардыгын ар бир жаран QR-код аркылуу көрө алат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, мындай ыкма эт продукциясынын союлган жеринен баштап, канча жолу ветеринардык экспертизадан өткөндүгү жана бул мал этин сатууга уруксаты барбы деген сыяктуу маалыматтардын баарын камтыйт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн