Жогорку Кеңеш төрт өлкө менен визалык талаптарды жоюу боюнча келишимди үч окуудан колдоп берди.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин айтымында, макулдашууга ылайык, Мальдив Республикасына Кыргызстандын бардык жарандары визасыз бара алат. Бирок 30 күндүк мөөнөт коюлган.
Ал эми Бириккен Араб Эмирлигине дипломатиялык паспорт менен 90 күнгө барууну каалагандарга виза талап кылынбайт.
Бахрейнге жана Ливанга дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан 90 күнгө бошотуу каралган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн