Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:42
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Эми Россиядагы кыргыз мигранттары бир жылда бир жолу медициналык кароодон өтөт

24.02.2022 15:55
1024
Эми Россиядагы кыргыз мигранттары бир жылда бир жолу медициналык кароодон өтөт

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги РФнын Саламаттыкты сактоо министрлиги чет элдик жарандарды медициналык кароодон өткөрүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.


 2022-жылдын 21-февралындагы №94н буйругуна ылайык Медициналык текшерүү жүргүзүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилген.

Бекитилген өзгөртүүлөргө ылайык, маалымкаттын жана медициналык корутундулардын мөөнөтү 12 айга чейин узартылды. Ага ылайык, чет элдик жарандар жылына бир жолу медициналык кароодон өтүшөт.


Кошумчалай кетсек, эми чет элдик жарандарды текшерүүдө алардын мурунку медициналык кароодон өткөндүгү же медициналык документтер менен тастыкталган профилактикалык текшерүүлөр тууралуу маалыматтары эске алынат.


Чет элдик жарандар үчүн 6 жаштан баштап баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын бар-жогуна химиялык-токсикологиялык изилдөө жүргүзүү зарылчылыгы боюнча талап 13 жашка чейин өзгөртүлдү. Демек, 13 жашка чыга элек чет өлкөлүк балдар баңги жана психотроптук заттардын бар-жогуна текшерүүдөн өтпөйт.

Ошондой эле жаңы коронавирус инфекциясы медициналык текшерүүнүн алкагында диагностиканы талап кылган жугуштуу оорулардын тизмесинен чыгарылды.


Медициналык текшерүү жүргүзүүнүн, анын ичинде химиялык жана токсикологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн тартибине киргизилген бул өзгөртүүлөр 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.


   Элчилик Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытовдун, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын 2022-жылдын 20-22-февралында Россия Федерациясына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарынын медициналык кароодон өтүүсүндө жаралган көйгөйлүү маселелер көтөрүлгөндүгүн белгилейт. 


Ошол эле учурда Элчилик бул маселе боюнча Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине ноталарды жана Россиянын тиешелүү мамлекеттик органдарына каттарды жөнөткөн, ошондой эле Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн